Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/37
Күнтуу айыл аймагына караштуу №43 контурунан үй курууга жер тилкесин алган жарандардын арызын кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылында №43 контурунда жайгашкан, аянты 3,5 га жайыт жеринен үй курууга жер тилкесин алган жарандардын 2024-жылдын 30-июлунда кириш №43 арызын карап, аталган жер тилкенин жайыт жерлери багытынан турак жай куруу багытына которуу жөнүндө арыз ээси А. Телибаеваны угуп, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы №43 контурундагы аянты 3,5 га жайгашкан жайыт багытындагы жер тилкесин турак жай багытына которуу үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам чегинде кат жолдосун.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы жер комиссиясынын төрайымы А. Максутовага жүктөлсүн.
Төрага | М.А. Тобоев |