Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/39
Жер тилкени ижарага берүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Иманалиева көчөсүнүн №12/2 үйүнүн жанынан жайгашкан муниципалдык 15 чарчы метр жер тилкесин ижарага берүү үчүн Күнтуу айылынын тургуну А.А. Аскарбекованын арызын карап, угуп, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Иманалиева көчөсүнүн №12/2 үйүнүн жанында жайгашкан муниципалдык 15 чарчы метр жер тилкесин ижарага берүү үчүн макулдук берилсин;
2. Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев аталган жер тилкени ижарага берүү үчүн мыйзам чегинде иш алып барсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |