СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 10
Чек ара картасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Талас филиалы (бөлүмү) тарабынан даярдалган жана Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги №173 менен бекитилген жөнүндө буйругунун негизинде Семетей айылдык Кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Талас филиалы (бөлүмү) тарабынан даярдаган Семетей айыл өкмөтүнүн чек арасын тактоодо жазылган баяндамасы боюнча Кеңештин токтому бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн административдик чек арасын тактоодо келип чыккан талаш маселелер төмөндөгүдөй болуп чечилсин
3. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Талас филиалы (бөлүмү) тарабынан даярдаган материалдардын негизинде Жер ресурстары, кадастр, геодезияжана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Манас филиалынын жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин. Семетей айыл өкмөтүнүн чек арасын тактоодо жазылган баяндамасы боюнча Кеңештин токтому бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |