СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-апрели № 11
Сырттан келген малдын жайыт акысы жана айып пул төлөө жөнүндө
Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Абдиевдин жана жайыт комитетинин төрагасы К.Баетовдун кайрылууларын айылдык кеңеш угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу жарандардын бакчага (огород) жана үлүш жерлерине 1-марттан тартып 1-декабрга чейин мал кирүүгө тыюу салынсын.
2. Кирген кара малга-1000 сомдон, майда малга-500 сомдон айып пул салынсын жана келтирилген зыяндын чыгымы өзүнчө эсептелинсин.
3. Сырттан келген кара малга, мал башына-200 сом Сырттан келген кой, эчкиге, мал башына-40 сомдон болуп жайыт акысы бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |