Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/41
Кум – шагыл карьерин ижарага берүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылындагы Көнөк кум -шагыл карьерин иштетүү үчүн жер тилкесин ижарага берүү үчүн Кызыл-Туу айылынын тургуну М. Пазыловдун арызын карап, талкуулап, 2024-жылдын 17-августунда С. Абдылдаева мектебинде, 19-августунда Күнтуу айыл аймагынын Исмаил, Кызыл-Туу айылынын тургундары менен өткөзүлгөн жыйындардын протоколдорунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында жайгашкан Көнөк карьердин кум – шагыл чыгуучу жер тилкесин ижарага берүү үчүн документтерин мыйзамдаштыруу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
2. Бардык документтери мыйзамдаштырылгандан кийин “Береке-Кызыл-Туу” ЖЧК менен айылдык кеңештин отурумунда талкууланган бардык пункттары эске алуу менен келишим түзүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |