Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели № 16

 

Н.Кадырбекованын кайрылуусу жөнүндө

Покровка айылынын тургуну, аз камсыз үй-бүлө, жалгыз бой эне Н.Кадырбекованын баласы Б.Жолдошбековдун Испания-Мадрит Эл аралык футбол академиясына окууга өткөндүгүнө байланыштуу материалдык жардамга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Кыдырбекованын баласы Б.Жолдошбековго жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. КЭБнун башчысы тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов