Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели № 17

 

Бала-бакча жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабырындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып  айылдык кеңеш;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мурдагы Кайыңды айыл өкмөтүнүн имараты бошоп калгандыгына байланыштуу, имаратты бала-бакча кылып ачууга макулдук берилсин.

2. Манас райондук архитектура (АПУ, ИТУ) жана башка мекемелер менен мыйзамдуу иш кагаздарын алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов