Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/43
Кичи-Шалта айылынын тургуну Карабек уулу Талгаттын арызын кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кичи-Шалта айылынын Калмырза көчөсү №14 үйүнүн тургуну Карабек уулу Талгаттын арызын карап чыгып, угуп, мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып болгондугун эске алып, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жесирлерге, жетимдерге салынып жаткан социалдык шаарчадан турак жай бөлүнүп берилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.А. Тобоев |