Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2-кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели № 19

 

ФАПка акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Семетей айыл аймагына караштуу Сөгөт айылына АРИС тарабынан жаңыдан курулуп жаткан ФАП курулушу үчүн өздүк салымы катары 115 944 сом бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусу канааттардырылсын.

2. Сөгөт айылына АРИС тарабынан жаңыдан курулуп жаткан ФАП курулушу үчүн өздүк салымы катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 115 944 сом акча каражаты бөлүнсүн. 

 

3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов