Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 3-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 24-июну № 21
Башкы план жөнүндө
Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттен башкы план (генплан) үчүн 8741,2 (сегиз миллион жети жүз кырк бир миң эки жүз) сом акча каражаты түшкөндүгү жөнүндө маалыматты айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 2-кварталында республикалык бюджеттен башкы планга (генпланга) 8741,2 млн сом максаттуу трансферттен туура каржылоо үчүн 70629 -бөлүмүнүн 2215-беренесине 8741,2 млн сом отургузулуп жылдырылып берилсин.
2. Семетей айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бөлүмдөрдүн чыгымдоолору, каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |