Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 22
«Муниципалдык жер аянтына волейбол залын куруу жөнүндө»
Кайынды айылынын тургундарынын кайрылуусу каралып, Манас райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 26-июнундагы №01-12-139 номерлүү билдирүүсүнүн негизинде Семетей айыл аймагына караштуу Кайынды айылынын Манас көчөсүндөгү 6-03-01-1002-0176 коду менен Семетей айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 1300 кв.м жер аянтын карап көрүп, айылдык кенеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды айылынын Манас көчөсүндөгү 6-03-01-1002-0176 коду менен Семетей айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 1300.0 кв.м жер аянты жабык волейбол залын курууга берилсин.
2. Ушул залга “Кырк Чоро” ысымы ыйгарылсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Абдиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |