Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 24
А.Масалбекованын кызы Д.Кожомкулова жөнүндө
Покровка айылынын Р.Сыдыков көчөсүнүн №11 үйүнүн тургуну А.Масалбекованын кызы Д.Т.Кожомкулова “гломерулоневрит” диагнозу менен ооруп, бүгүнкү күндө даряланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалбекованын кызы Д.Т.Кожомкулова “гломерулоневрит” диагнозу менен ооруп, бүгүнкү күндө даряланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Алмагул Масалбекованын кызы Кожомкулова Дильназ Тилековнанын дарылануусуна материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |