Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/45
М. Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплесинин мүдүрүнүн кайрылуусун кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагындагы Токбай айылында жайгашкан М. Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплексинин карамагындагы тигүү цехин жана жыгач иштетүү цехин ижарага берүү жөнүндө окуу -тарбия комплексинин мүдүрү Орозалы кызы Лиранын кайрылуусун талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагындагы Токбай айылында жайгашкан М. Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплексинин карамагындагы тигүү цехин жана жыгач иштетүү цехин ижарага берүү үчүн айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп иш алынып барылсын;
2. Комиссиянын жыйынтыгы менен Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев М. Суранчиева атындагы окуу-тарбия комплексинин карамагындагы тигүү цехин жана жыгач иштетүү цехин ижарага берүү үчүн мыйзам чегинде келишим түзүп иш алып барсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |