Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 27
Жайытты жакшыртуу жөнүндө
Семетей муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Узенбековдун Суусамыр жайлоосуна малчы фермерлерге мал кармоо, дарылоо үчүн, ыңгайлуу раскол куруу жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей муниципалдык ишкананын алдында Жайытка мал кармоочу (раскол) куруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 154 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Мурдагы Покровка азыркы Семетей айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебинен түшкөн 3/1 (учтөн бир) бөлүгү 132 300сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Жалпысы 286 300сом түзөт.
4. Суусамыр жайлоосуна раскол куруу жагы Семетей муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Узенбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |