Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/47
Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты У.С. Дюшебаевтин арызын кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында №88 контурунда жайгашкан аянты 0,35 га жер тилкесин СИП панель чыгаруу цехин иштетүүгө өнөр жай багытына которуп, мыйзамдаштырып берүү үчүн, №88 контурундагы аянты 0,32 га муниципалдык жер тилкесине парк салууга, №88 контурунда 0,45 га жер тилкесине муниципалдык техникаларды токтотуу үчүн У. С. Дюшебаевтин кайрылуусун угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында №88 контурунда жайгашкан аянты 0,35 га жер тилкесин СИП панель чыгаруу цехин иштетүүгө өнөр жай багытына которуп, мыйзамдаштырып берүү үчүн, №88 контурундагы аянты 0,32 га жер тилкесин муниципалдык парк салууга, №88 контурунда 0,45 га жер тилкесин муниципалдык техникаларды токтотуу үчүн У. С. Дюшебаевтин кайрылуусу ачык калтырылып, аталган №88 контурдагы жер тилкесинин аянттарын тактап, документтерин мыйзамдаштырууга Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
2. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |