Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 29
Суусамыр жайлоосундагы акы төлөө жөнүндө
Семетей муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Узенбековдун Суусамыр жайлоосундагы Семетей айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин жол боюндагы соода кылуу максатында тигилген боз үйлөрдүн ижара акысын көтөрүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суусамыр жайлоосунда Семетей айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин жол боюндагы соода кылуу максатында тигилген ар бир боз үйлөрдүн ижара акысы 2000 сомдон бекитилсин.
2. Иш алып баруу жагы Семетей муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Узенбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |