Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/48
ЖЧК “Кочмон Сити” жана Кунтуу айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылдын 14-октябрындагы кичи микрорайон салуу боюнча түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Н.Т. Досалиевтин кайрылуусун угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 14-октябрындагы Күнтуу айыл өкмөтү жана ЖЧК “Көчмөн Сити” тарабынан түзүлгөн келишимдин 2.2 пунктунда белгиленген акысыз берилүүгө тийиш 1150 батирди, 5 -жылдык бөлүп төлөө мөонөтү менен 50% өлчөмүндөгү акы төлөнүүчү 2300 батирге келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, долбоору айылдык кеңештин кароосуна коюлсун;
2. Курулушка үлүштүк катышуунун типтүү келишимине мындан тышкары айрым пунктарына өзгөртүү долбоорун Күнтуу айыл өкмөтү менен биргеликте каралып, айылдык кеңештин кийинки отурумуна коюлсун;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |