Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 30
Ж.К.Джунусовдун кызы Ж.Караева жөнүндө
Покровка айылынын тургуну Ж.К.Джунусовдун кызы Ж.Караева курч миеломонобластикалык лейкоз оорусу менен ооруп, кайрадан чет мамлекетте жилик чучугун алмаштырууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну Ж.К.Джунусовдун кызы Ж.Караева курч миеломонобластикалык лейкоз оорусу менен ооруп, кайрадан чет мамлекетте жилик чучугун алмаштырууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын тургуну Ж.К.Джунусовдун кызы Ж.Караева курч миеломонобластикалык лейкоз оорусу менен ооруп, кайрадан чет мамлекетте жилик чучугун алмаштырууга муктаж болгондугуна байланыштуу материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |