Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/49
Май куюучу жай салуу үчүн жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылынын аягында контур №45 жайгашкан, аянты 0,70га жер тилкесин май куюучу жай курууга ижарага берүү жөнүндө арыз ээси Т. Матказиеванын кайрылуусун угуп, талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылынын аягында контур №45 жайгашкан аянты 0,70 га жайыт багытындагы жер тилкесин май куюучу жай салуу үчүн «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» багытына которуу үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам чегинде кат жолдосун;
2. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |