Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 31
В.Алтымышованын кызы жөнүндө
Бала-Саруу айылынын тургуну В.Алтымышованын кызы Б.Манзурбекова онкология оорусу менен ооруп, азыркы убакта химиотерапия алып дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала-Саруу айылынын тургуну В.Алтымышованын кызы Б.Манзурбекова онкология оорусу менен ооруп, азыркы убакта химиотерапия алып дарыланууга муктаждыгы жөнүндө кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бала-Саруу айылынын тургуну В.Алтымышованын кызы Бермет Манзурбекованын дары-дармек алууга, онкология институтунан химиотерапия алуусуна жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |