СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 32
Бала-Саруу айылынын таза суусу жөнүндө
Бала-Саруу айылынын таза суусун үнөмдөө максатында ар бир үйгө суу эсептегич (счетчик) алып орнотууга жана жумушчу топтун эмгек акысын төлөөгө муктаждыгы жөнүндөгү Бала-Саруу айылынын жалпы тургундарынын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала-Саруу айылынын таза суусун үнөмдөө максатында ар бир үйгө суу эсептегич (счетчик) алып орнотууга жана жумушчу топтун эмгек акысын төлөөгө муктаждыгы жөнүндөгү Бала-Саруу айылынын жалпы тургундарынын кайрылуусу канааттандырылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |