Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 33
Бала-Саруу СПАсы жөнүндө
Семетей айыл аймагына тиешелүү “Бала-Саруу” СПАсынын жетекчиси М.Шатмановдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Семетей айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу үчүн каналдарды оңдоп-тазалоо максатында “Бала-Саруу” СПАсына 50 000сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |