Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 34
Милициянын аймактык пункту жөнүндө
Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Ж.Токторбаевдин, Семетей айыл аймагында жайгашкан милициянын аймактык пунктарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, милициянын кызматкерлерине шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 укук бузууларды алдын алуунун негизиндери жөнүндөгү мыйзамынын 10-берененин 2-пуктун жеткечиликке алып, талкуулап айылдык кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Ж.Токторбаевдин кайрылуусу канааттандырылып, Семетей айыл аймагында жайгашкан милициянын аймактык пунктун капиталдык оңдоп-түзөөгө, жаңы эмеректери, темир сейф, жылыткыч, концелярдык иш-кагаздарын, кошумча оргтехника; компьютер, сканерлүү принтер алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 600 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |