Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 35
Маданият үйү жөнүндө
Манас райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Н.Омуралиеванын Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Манас районунун 80 жылдык маарекесине арналган иш чараны өткөрүү максатында, Маданият үйүнө боз үйдүн ички жасалгасына жана Семетей айыл өкмөтүнүн ачык сахнасын чоңойтуп, кайра жасалгалоо иштерине жардам берүү жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Н.Омуралиеванын кайрылуусу канааттандырылып, боз үйдүн ички жасалгасына 205 200сом жана ачык сахнаны чоңойтуп, кайра жасалгалоо иштерине 47180сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |