Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 36
Афган согушунун ардагеринин төрагасы С.Курманбаевдин
кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ооган согушунун интернационалист – жоокерлердин элесине арналган Республикалык волейбол боюнча турнирине катышууга акча каражатынан жардам сурап, Манас райондук Афган согушунун ардагерлеринин төрагасы С.Курманбаевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ооган согушунун интернационалист – жоокерлердин элесине арналган Республикалык волейбол боюнча турнирине катышууга жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |