Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 38

 

Кара-Арча орто мектеби жөнүндө

 

Кара-Арча орто мектебинин окуучуларына заманбап музыкалык борбор (музыкальный центр) алып берүү жөнүндөгү Семетей айылдык кеңешинин депутаты У.Кенжегараеванын сунушун айылдык кеңеш талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Арча орто мектебинин окуучуларына заманбап музыкалык борбор (музыкальный центр) алып берүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120 000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов