Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 39
Туманов Ислам жөнүндө
Покровка айылынын тургуну А.Искакованын баласы И.Туманов аутизм оорусу менен ооруп, дары-дармекке муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну Алмаш Искакованын баласы Ислам Тумановдун дары-дармегине жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |