Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 40
Н.Элеев жөнүндө
Покровка айылынын Алишер №35 үйүнүн тургуну Ж.Карабекованын баласы 1-группадыгы туулгандан баштап майып Н.Элеевге желмаян (электромобиль) алууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын Алишев №35 үйүнүн тургуну Жылдыз Карабекованын баласы 1-группадагы туулгандан баштап майып Назарбай Элеевге желмаян (электромобиль) алууга жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |