Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 42
Барселона футболдук клубу жөнүндө
Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-июлундагы №01-18/1582 чыгыш сандуу кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну Керимбеков Бекназар Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Барселона” футболдук академиясына окууга өтүп, бирок контракты төлөөгө мүмкүнчүлүк жок болгондугуна байланыштуу, окуусуна жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 80 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |