Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 43
Кара-Арча айылынын спорт залы жөнүндө
Кара – Арча айылынын спорттук залына машыгуу үчүн тренажерлорду алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Семетей айылдык кеңешинин депутаты А.Жалиловдун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айылдык кеңешинин депутаты А.Жалиловдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кара-Арча айылынын спорттук залына машыгуу үчүн тренажерлорду алуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |