Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 45
Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө
(Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө зарылдыгы жөнүндөгү өтүнүчүн айылдык кенеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагындагы (Арал, Кайыңды, Чеч-Дөбө, Бала-Саруу, Жайылган, Кара-Арча, Сөгөт) айылдарындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана Семетей айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин.
2. Ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн ар бир түтүнгө 1 айга – 150сом
Таштандыларды (ТБО) ташып чыгаруу үчүн 1 айга 1 түтүнгө- 100 сом
Той-кана, соода борборлорго 1айга-2000сом
Чакан дүкөн, павильон, контейнерлерге 1жумага -200 сом
Токтомго баш ийбей, таза сууну туура эмес колдонгондорго
(бак суугарып ж.б) жана таштандыларды ыргыткандарга
штраф 5000сом
(Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жана “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |