Сравнение редакций…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 45
Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө зарылдыгы жөнүндөгү өтүнүчүн айылдык кенеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагындагы (Арал, Кайыңды, Чеч-Дөбө, Бала-Саруу, Жайылган, Кара-Арча, Сөгөт) айылдарындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана Семетей айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин.
2. Ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн ар бир түтүнгө 1 айга-150сом
Таштандыларды (ТБО) ташып чыгаруу үчүн 1 айга 1 түнгө-50сом
Той-кана, соода борборлорго 1 айга-1500сом
Чакан дүкөн, павильон, контейнерлерге 1 жумага-100сом
Токтомго баш ийбей, таза сууну туура эмес колдонгондорго (бак суугарып ж.б.) жана таштандыларды ыргыткандарга штраф 5000сом
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жана “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 45
Семетей айыл аймагындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө
(Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө зарылдыгы жөнүндөгү өтүнүчүн айылдык кенеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагындагы (Арал, Кайыңды, Чеч-Дөбө, Бала-Саруу, Жайылган, Кара-Арча, Сөгөт) айылдарындагы ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн жана Семетей айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин.
2. Ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн ар бир түтүнгө 1 айга – 150сом
Таштандыларды (ТБО) ташып чыгаруу үчүн 1 айга 1 түтүнгө- 100 сом
Той-кана, соода борборлорго 1айга-2000сом
Чакан дүкөн, павильон, контейнерлерге 1жумага -200 сом
Токтомго баш ийбей, таза сууну туура эмес колдонгондорго
(бак суугарып ж.б) жана таштандыларды ыргыткандарга
штраф 5000сом