Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 47
Интерактивдүү панелдерди алуу жөнүндө
Семетей айыл аймагында жайгашкан жалпы жана негизги орто билим берүүчү 8 мекемеге мамлекетибиздин келечеги болгон жаш муундарга заман талабына ылайык сапаттуу билим берүүнү жогорулатуу максатында, ар бир мекемеге бирден интерактивдүү панелдерди алуу жөнүндө мектеп директорлорунун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагында жайгашкан жалпы жана негизги орто билим берүүчү 8 мекемеге мамлекетибиздин келечеги болгон жаш муундарга заман талабына ылайык сапаттуу билим берүүнү жогорулатуу максатында, ар бир мекемеге бирден интерактивдүү панелдерди алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 000 000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |