Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 49
Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” (АИД-КК) долбоорунун алкагында Семетей айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Семетей айыл аймагынын АКИА АК төрайымы М.Рахматилдеванын маалымат-отчетун угуп, талкуулап айылдык кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Семетей айыл аймагынын АКИА АК төрайымы М.Рахматилдеванын маалымат-отчету кабыл алынсын.
2. Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскулов АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндөгү сунуштары даярдап берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин маданий жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |