Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 52
Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын угуп, талкуулап айылдык кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагында “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгынын негизинде жобо бекетилсин.
2. Түзүлгөн комиссия курамы жобонун негизинде иш алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |
|
| Семетей айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы №52 токтому менен бекитилди |
Семетей айылдык кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жарлыгы жөнүндө
ЖОБОсу
1. Жалпы жоболор
2. Семетей айылдык кеңеши тарабынан белгиленген үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү
3. Комиссиянын функциялары
4. Комиссиянын ишин камсыз кылуу
5. Комиссияга жетекчилик кылуу жана ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1.1. Семетей айылдык кеңеши алдындагы Кыргыз Республикасынын Президентини “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыгы боюнча комиссия (мындан ары-комиссия) ысырапкерчиликке жол бербөөнүн алдын ала карап чыгуу, коомдук баа берүү үчүн түзүлүп жана уюштуруу иштерин алып барат.
1.2. Комиссия Семетей айылдык кеңеши алдында иштейт жана анын комиссиянын төрагасынын, жооптуу катчысынын жана он эки мүчөсүнүн курамында бекитилет. Комиссиянын курамы Семетей айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен мекеме уюмдун жетекчилеринен, массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
1.3.Комиссиянын курамы айыл өкмөтү тарабынан буйрук менен бекитилсин жана мүчө катары ар бир айылга, Семетей айылдык кеңешинин депутаттары макулдашуу менен киргизилсин.
1.4.Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктардын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй–бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндө” Жарлыгын жетекчиликке алат.
2. Семетей айылдык кеңеши тарабынан белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү
2.1. Семетей айылдык аймагында майыт чыккан жерде мал союлбасын жана дасторкон жайылбасын.
2.2. Аялдарга таркатуу үчүн бүтүн мата, жыртыш же жүз аарчуулар, конфет, печенье, челпек ж.б. берилбесин. Майытка мата, килем жабуу токтотулсун.
2.3. Майыт чыккан жерге килем, мата кече, каробка алып келүү токтотулсун.
2.4. Майыт коюлуп келип куран окулгандан кийин жергиликтүү эл таркатылсын жана майыттын жумалыгы, жетилиги, кыркы, элүү эки күнү, ашы мал союу менен өткөрүлбөстөн, жакындары менен гана жөнөкөй тартипте өткөрүлсүн.
2.5. Жамааттарда өтүүчү кудайы тамактар, мааракелер, Нооруз майрамдары жана жалпы жамаат менен уюшулган мааракелер жалпы тартипте ысырапкерчиликке жол берилбей өткөрүлсүн.
2.6. Үйлөнүү үлпөттөрү, кыз узатуу тойлору, тушоо кесүү, бешик той, жээнтек той, сүннөт той, там той, туулгандыгы боюнча даталуу күндөрдү өткөрүү, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуулары ж.б. той тамашалар ашыкча ысырапкерчиликке жол бербей, 250 адамдан ашпастан өткөрүлсүн.
2.7. Айыл өкмөттөрү социалдык мекеме жайларынын, көпүрө-жолдордун, социалдык үй-бүлөлөрдүн, жардамга муктаждардын тизмелерин соопчулук иштерин жүргүзүүчүлөр үчүн тактап даярдап, сунушташсын.
2.8. Дин кызматкерлери майыт чыккан жерде, нике кыюуда жана башка иш чараларда өз милдеттерин так аткаруу менен үй ээсинин ысырапкорчулукка жол бербөөсүн талап кылсын.
3. Комиссиянын функциялары
3.1 Комиссиялар төмөндөгүдөй функцияларды жүзөгө ашырат.
3.2. Семетей айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жарлыгы боюнча келип түшкөн арыздарды карайт;
3.3. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жарлыгын жана администрациянын жобосун аткарбаган муниципиалдык кызматчыларга Покровка айылдык кеңеши сунуштама берет;
3.4. Семетей айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жарлыгын аткарбай, каяша айтып, тескери үгүт жүргүзгөн жарандарга сунуш кылат;
4. Комиссиянын ишин камсыз кылуу
4.1 Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
4.2 Комиссиянын иши анын кеңешмесине бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан учурда ыйгарымдуу деп эсептелет;
4.3 Комиссиянын чечими кеңешмеге катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат;
4.4Семетей айылдык кеңеши комиссия карап жаткан маселелер боюнча материалдарды жана документтерди суратат;
4.5. Өзүнүн жыйналышына мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын, эмгек жамааттарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана каралып жаткан маселеге тиешеси бар өкүлдөрдү чакыра алат.
5. Комиссияга жетекчилик кылуу жана ишин уюштуруу
5.1 Комиссияга анын төрагасы жетекчилик кылат.
5.2 Комиссиянын жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналышты комиссиянын төрагасы алып барат, ал жокто комиссиянын төрагасынын орун басары алып барат.
5.3 Комиссиянын чечимине протокол жазылат жана кабыл алынган чечим комиссиянын төрагасы жана анын катчысынын колу менен бекилет;
5.5 Семетей айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жарлыгы боюнча тариптик чара күбөлөндүрүлүп, каттоо № коюлуп, буйрук менен бекитилет.
5.6 Комиссиянын жыйналышы үчүн материалдарды даярдоо жана кабыл алынган чечимдер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы жүзөгө ашырат.
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.
6.1 Семетей айылдык аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндүгү эске алуу ырым жырымдарды өткөрүу боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жааматтын уставына жана айылдын ички мыйзамдарына жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |