Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 53
Спорт зал жөнүндө
Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Семетей айылдык кеңешинин төрагасы Т.Джапаркуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имарат, күрөш залын оңдоп-түзөп, душту калыбына келтирүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |