Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 55
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Манас районуна караштуу Покровка айылынын тургуну М.Б.Дүйшөбаевге Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушту айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги төш белгисинин ээси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Ардак грамотасынын” ээси, Муниципалдык кызматтын мыктысы Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевичтин үзүрлүү көп жылдык эмгегин жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |