Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 56
Семетей айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчик – “жашылчаларды жана жемиштерди кургатуу” боюнча кичи цехти ижарага берүү
жана пайдалануу жѳнүндѳ
Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Семетей айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын Покровка айылында Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Покровка айылында “жашылчаларды жана жемиштерди кургатуу” боюнча кичи цех ачылып жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Семетей айыл аймагынын Покровка айылындагы “жашылчаларды жана жемиштерди кургатуу” боюнча кичи цехти жабдуулары толугу менен бизнес – өноктөшкө Алтымышбаева Ализа Калматаевна ИНН: 12603198300024, МКК217031, 27.09.2019 ж., убактылуу пайдаланууга ижара берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ташырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |