Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 57
Семетей айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчик – “жашылчаларды жана жемиштерди кургатуу” боюнча кичи цех жѳнүндѳ
Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 катынын негизинде билдирүүнү угуп жана талкуулап, Семетей айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын Покровка айылында Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында “жашылчаларды жана жемиштерди кургатуу”уюштурулуп, жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кыргыз республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо” долбоорунун координатору М.Д.Досуевдин 2024-жылдын 16-июлундагы №05-592 каты көнүлгө алынсын жана канааттандырылсын.
2. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү Жобо 8-бөлүм менен толукталып бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ташырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |