Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 59
Бала – бакчанын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Арал айылындагы жаңы салынып жаткан “Алтын келечек” бала-бакчасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндөгү өкмөт башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Алтын келечек” бала-бакчасы 3 тайпадан түзүлсүн, ар бир тайпада 25 (жыйырма беш) баладан бекитилсин, жалпысы 75 (жетимиш беш) бала менен толукталсын.
2. Манас райондук билим берүү башкармалыгынан штаттык бирдик суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |