Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 61
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Манас районунун мамлекеттик администрациясынын акими Д.А.Жээнбековго Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы К.Р.Рыскуловдун сунушун айылдык кеңеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Ардак грамотасынын ээси, Кыргыз Республикасынын билим берүү Министрлигинин отличниги, Мамлекеттик кызматтын мыктысы Жээнбеков Досмамбет Аматовичтин үзүрлүү көп жылдык эмгегин жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |