Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 11/71
"Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын бекитүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 30-июлундагы №7 токтомунун негизинде, “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча ишканасынын Республикалык топурак агрохимиялык станция филиалы даярдаган Сары-Булак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо жумуштарынын жыйынтыгын карап чыгып, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кочкор районун Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Төлөк”, “Ак-Кыя”жана “Сары-Булак” айылдарынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча иш кагаздарын жана актысын карап чыгып, даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо материалдарына жүргүзүлгөн корректировкалоо боюнча материалдарын бекитип, киргизип берүү жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2023-жылдын кулжа айынын 20 дагы №161б буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиядан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Дүйшөнбек уулу |