Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезексиз XXXVIII сессиясынын
2024-жылдын 13-сентябры № 268/38-8
Талас шаарынын өнүгүү стратегиясынын алкагында айыл аймактардан алынган жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 11.09.2024-жылдагы № 01-19/2600 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынынотурумунунпротоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын өнүгүү стратегиясынын алкагында айыл аймактардан алынган, Кен-Кол айыл аймагындагы 6.0 га, Беш-Таш айыл аймагындагы 3.0 га жана Беш-Таш айыл аймагынын административдик чегиндеги Присельный участогундагы 1.5 га жалпы 10.5 га жерлерди мыйзам талаптарына ылайык, муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынынтөрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |