Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезексиз XXXVIII сессиясынын
2024-жылдын 13-сентябры № 269/38-8
Талас шаарынын аймагындагы турак жай имараттарга, курулмаларга, жайларга, айыл чарба багытында эмес жерлерге карата мүлк салыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398-беренесинин 3,4-пункттарына жана 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын 06.09.2024-жылдагы №01-3-741 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын аймагындагы турак жай имараттарга, курулмаларга, жайларга, айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгынын нарктык коэффициенти (КЗ) 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |