Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-июлу № 11/73
Ак-Кыя айылында жаңы ачылган ден-соолук чыӊдоо борборуна Касиев Соңкөлбектин атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Жобого жана Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2024-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Ак-Кыя айылынын жергиликтүү тургундарынын сунушун карап жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айыдык кеӊеши токтом кылат:
1. Ак-Кыя айылында жаңы ачылган ден-соолук чыӊдоо борбору «Касиев Сөнкөлбек атындагы ден-соолук чыӊдоо борбору» деп аталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүткөрүү жагы уулу М. Казиевге сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин мыйзамдуулукту, укук тартабин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Дүйшөнбек уулу А. |