Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезексиз XXXVIII сессиясынын
2024-жылдын 13-сентябры № 270/38-8
“Биримдик” ачык акционердик коомунун Талас шаарынын ички каттамдарын тейлөөдө кичи автобустардын жол кире акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасы, Талас шаарынын мэриясынын 11.09.2024-жылдын №01-19/2600 чыгыш сандуу катынын негизинде, “Биримдик” ААКнын 6.09.2024-жылдагы Талас шаарынын аймагындагы коомдук кичи автобустардагы жол акысын көтөрүү тууралуу” коомдук угуунун протоколун, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча”туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Биримдик” ачык акционердик коомунун Талас шаарынын ички каттамдарын тейлөөдө кичи автобустардын жол кире акысынын тарифи төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Кичи автобустарда – 20 (жыйырма) сом;
- Мектеп окуучулары үчүн – 15 (он беш) сом;
- 7 жашка чейин балдарга акысыз.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |