Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезексиз XXXVIII сессиясынын
2024-жылдын 13-сентябры № 271/38-8
Талас шаардык кенешинин 09.02.2024-жылдагы №227/32-8 жана 05.08.2024-жылдагы №257/36-8 токтомдоруна айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн кыскартылган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Талас шаарынын мэриясынын 11.09.2024-жылдагы №01-19/2600 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2024-жылдын 9-февралындагы №227/32-8 жана 05.08.2024-жылдагы №257/36-8 сандуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Э.Кутманалиев атындагы борбордук стадионуна футболдук талаа куруу үчүн Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ишканасынын 3111 беренесиндеги 3 000 000 сом жана Талас шаарынын таштанды таштоочу жайына мембрана орнотуу үчүн Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 3111 беренесиндеги 14 500 000 сом жалпы 17 500 000 сом акча каражаты кыскартылып, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, каржылансын.
- Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүнө жарыктандырууларды жана светафорлорду орнотуу үчүн 3112 беренесине 2 000 000 сом, Талас шаарына жасалма балаты сатып алуу үчүн 2222 беренесине 3 000 000 сом, Талас шаарынын 80 жылдык мааракеси жана жаны жылга карата шаарды майрамдык жасалгалоо үчүн 2215 беренесине 1 000 000 сом, Талас шаарынын көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна асфальт төшөөгө 3111 беренесине 1 000 000 сом, Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсүнө сквер куруу үчүн 3111 беренесине 4 000 000 сом, жалпы 11 000 000 сом акча каражаты Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын Тынчтык конушундагы А.Оторбаев №370а дарегиндеги “Ассанабилл фонду” тарабынан курулган комплекстин тегерегин абаттоо жана андагы бала бакча жана фельдшердик акушердик пунктуна жылуулук системасын киргизүү үчүн 3111 беренесине 4 500 000 сом акча каражаты Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы ишканасы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын 80 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн иш чараларга 2215 беренесине 700 000 сом, Талас шаарынын кызматтык авто унаасын ондоого 2214 беренесине 100 000 сом, долбоордук сметалык документтерди даярдоого 2215 беренесине 200 000 сом, Талас шаарынын мэриясынын имаратын учурдагы ондоо үчүн 2221 беренесине 1 000 000 сом, жалпы 2 000 000 сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизип, өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Джаныбеков |