Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 11/74
Балык чарба уюштурууга жер аянтын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтому менен бекитилген жобого, “Жер участокту которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балык чарба уюштуруу үчүн Ак-Кыя айылындагы Жайлоо булак учаскасындагы – жалпысы 1,0 га жер аянтын жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жер комисиясына сунуштоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Асанбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жер, жайыт, муниципалдык менчик, архетектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Дүйшөнбек уулу А. |