Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 11/78
Жер аянтын убактылуу колдонууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Төлөк айылында жер аянтын убактылуу колдонууга карата кайрылууну карап жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төлөк айылынын тургуну Сулайманов Эркинбектин кайрылуусунун негизинде Төлөк айылынын күн батыш тарабындагы мечиттин, Соң-Көл-Төлөк авто жолунун түндүгүнөн, Төлөк чоӊ суусунун түштүгүнөн Исакеев Нурбектин күн батышындагы бош турган жерден 0,20 га жер аянтты жайлоого каттаган адамдарга, туристерге эс алуучу жай катары (жайкы мезгилге) боз үй тигип, иштетүүгө убактылуу берүүгө макулдук берилсин.
2. Убактылуу берилген жер аянтынын тиешелүү документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүткөрүү жана жеринде чектеп берүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, жер, жайыт муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экалогия, айыл чабасы боюнча боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Дүйшөнбек уулу А. |