Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 11/79
Бучук, Көк-Тай участкасындагы БСРлерди өткөрүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Төлөк айылындагы Бучук,
Көк-Тай участкасындагы БСРлерди учурдун талабына ылайык Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өтүүсүнө макулдук берүү максатында Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагына караштуу Төлөк айылындагы Бучук, Көк-Тай участкасындагы БСРлерин Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өтүүсүнө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде комиссия түзүү жана түзүлгөн комиссия курамы менен биргеликте Бучук, Көк-Тай БСРлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жагы
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Дүйшөнбек уулу А. |